Таласта айылдашы зордуктады деп көз жарган кыздын окуясы. Эне менен баланын абалы айтылды
RU

Таласта айылдашы зордуктады деп көз жарган кыздын окуясы. Эне менен баланын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта зордукталды делинип ооруканага түшкөн өспүрүм эркек бала төрөдү. Ымыркай менен эненин абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат беришти.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, өспүрүм кесарево жолу менен көз жарган. Учурда эне, баланын абалы операциядан кийинки мезгилге туура келерин, калган маалыматты тергөөгө жана көз жарган кыздын жашы жете электигине байланыштуу министрликтен ачыктаган жок.

Эске салсак, Талас облусундагы Манас районунда 17 жаштагы кыз айылдашы тарабынан зордукталганы кабарланган. Өспүрүм кош бойлуулуктун 8-айында экени аныкталып, ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кесарево жолу менен көз жарган. Бул факты боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары өспүрүм кызды кошуна жашаган ага-ини зордуктаганын жазып чыгышкан. Зордуктоого шектелген бир туугандардын улуусу аскерде кызмат өтөөрү айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8112