Бишкектин СИЗОсунда 35 жаштагы киши каза болду
RU

Бишкектин СИЗОсунда 35 жаштагы киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №21 мекемеде (СИЗО-1) айыпталуучу каза болду. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан Kaktus.kg`ге маалымдагандай, окуя 28-августта катталган.

Анын жансыз денеси таңкы саат 05:40 чамасында эртең мененки тамакты таратып жаткан учурда аныкталган. Ал мурда сот жообуна тартылган дешет маалымат кызматынан.

"Камерадагылар 1987-жылы туулган К.И.М. аттуу жаранды эс-учун жоготкон абалда аныкташкан. Жерине тез жардамчылар саат 06:26да келишип алгачкы жардам көрсөткөн. Бирок ага карабай айыпталуучу каза болду. Каза болгон жаран Чүй районундагы №26 колониядагы жаза мөөнөтүн (9 айдан ашык мөөнөткө) өтөбөй туруп качып кеткени үчүн 26-августта СИЗО-1ге киргизилген", - дешет мекемеден.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, денесинде көк ала тактар болбогону аныкталды. Так диагноз коюу үчүн соттук-медициналык эксперттерге изилдөөгө кирген күндөн тартып 30 күндөн кем эмес убакыт талап кылынат.

Учурда Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми каза болгон кишинин жакындары аны өлтүрө сабаган деп шек санашууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8119