Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссиянын иши аяктады
RU

Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссиянын иши аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын СИЗОсунда каза тапкан банкир Бакыт Асанбаев менен саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча жумушчу комиссия ишин аяктады. Маалыматты министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын бешөө УКМКнын СИЗОсунда, жетөө өкмөт үйүндө болду. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаев камакта болгон учурдагы СИЗОнун камераларындагы жазуусу, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери көрүлдү. Аны менен катар каза болгон адамдар менен чогуу кармалгандар, СИЗОнун кызматкерлери суралып, бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу болду.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө алып келген жагдайлардын трагедиялуу айкалышы жөнүндө алдын ала корутундуга келди. Ушундай иштердин кайталанбоосуна жол бербөө үчүн комиссия зарыл чаралардын комплексин сунуш кылды.

Комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов: "Министрлер кабинети мамлекет башчынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот", - деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7889