Колу-бутун кайрып, унаага салып кеткен. 19 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды
RU

Колу-бутун кайрып, унаага салып кеткен. 19 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучусу Таласта 19 жаштагы кызды секелек кезинен бери зордуктап жүргөн жарандарга карата чара көрүлбөй жатканын айтып чыкты. Анда Кыргызстан айылында ага-ини (бирөө бир тууганынын баласы) айылдагы кызды 13 жашынан тарта зордуктап жүрүшкөнү айтылат. Видеонун автору кызды бүгүнкү күнгө чейин коркутуп, жашоосун бузуп жатат дейт.

Окуя боюнча Талас ОИИБдин маалымат кызматын учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

"10-августта Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын ​19 жаштагы У. А.​ аттуу тургуну арыз менен кайрылган. ​Анда ушул жылдын 5-февралында​ түн ичинде ​Майрамбек аттуу киши үйүнө кирип, колу-бутун кайрып унаага салып белгисиз тарапка алып барганын, унаанын ичинде зордуктаганын айткан. Арыз маалыматтардын электрондук журналына ​ катталып, тергөөгө чейинки териштирүү ​иштери башталган. Текшерүү учурунда Майрамбек аттуу жаран Кыргызстан айылынын ​1979-жылы туулган тургуну ​экендиги аныкталган", - дешет басма сөз кызматынан.

Бул факты боюнча тергөө бөлүмү тарабынан 22-августта 156-берененин (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен ​ ​ кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү шектүү кармалып,​ Талас ОИИБдин ​убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилгенин айтышты башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8136