13 жашар кыздын колдон колго өтүп зордукталышы. Айыпталуучулар эркинен ажыратылды
RU

13 жашар кыздын колдон колго өтүп зордукталышы. Айыпталуучулар эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда "Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо", "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызмат адамы тарабынан наамды же ыйгарым укуктарды уруксатсыз тартып алуу" беренелери боюнча айыпталган эки милиционер менен "Дордой" базарынын жүк ташуучусу боюнча сот өкүм чыгарды.

Судья Азиз Эшалиев айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, төмөндөгүдөй өкүм чыгарды:

  • мурда соттолгон 41 жаштагы "Дордой" базарынын жумушчусу 10 жылга эркинен ажыратылып, 100 миң сом моралдык компенсация төлөө;
  • Ленин РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн 39 жаштагы инспектору - аялы жана үч кызы бар Д.К.ны жабырлануучунун пайдасына 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү менен 15 жылга эркинен ажыратуу;
  • Свердлов РИИБдин 34 жаштагы аймактык тескөөчүсү, 2 кыздын атасы ажырашып кеткен милициянын лейтенанты А.Э.ни жабырлануучунун пайдасына 100 миң сом моралдык компенсация төлөп берүү менен 15 жылга эркинен ажыратуу.

Белгилей кетсек, жактоочу Тимур Султанов жана кыздын ата-энеси айыпталуучуларга карата эң жогорку жазаны берүүнү суранышкан.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 2022-жылдын 8-июлунда башталган. Кылмыш 2022-жылдын февраль айында жасалган. Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган.

Кошумчалай кетсек, Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү кишинин (официанттын) ишин кароодо. Төрт соттолуучу тең бири-бирин таанышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8139