Укук коргоочу: Зордукталган 13 жаштагы кызды жогорку класстын окуучулары сабашкан
RU

Укук коргоочу: Зордукталган 13 жаштагы кызды жогорку класстын окуучулары сабашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 жаштагы секелектин колдон-колго өтүп зордукталышы боюнча айыпталуучулар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды. Соттун чечими кечээ, 30-августта чыкты.

Бүгүнкү күндө кыз кодулоого кабылып жатканын Oasis фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева айтып чыкты.

"Биз кыз менен иштешүүнү улантып жатабыз, анткени ал сексуалдык эксплуатациянын гана эмес мектептеги коркунучтуу рэкетчиликтин да курмандыгы. Жогорку класстын окуучулары анын тишин сындырууга үлгүрүп, башкалардын көзүнчө бир нече жолу сабашкан", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Укук коргоочу кызга мындай мамиле жасоого жол берген мугалимдерге, соуиалдык педагогдорго суроолору көп экенин айтат.

"Кызды уурулукка мажбурлап жатканда жардам бере албаган жашы жете элек балдар менен иштеген инспекторлорго суроолор көп. Социалдык кызматтарга убагында кабарлап, кызга жардам бербегендер боюнча суроолор толтура. Мен ата-энелер менен иштөө маанилүү экенин белгилеп кетем. Ата-эненин жоопкерчилиги өтө маанилүү. Бул кыздын апасы менен атасы кызын коргоп чуркап, бийликти тегеректеп жүргөнү жакшы иш. Бизде ата-энелер эч нерсе кылбай коёт. Бул зордук-зомбулуктун уланышына жардам бергендик", - дейт Осмоналиева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8152