2 жашар бала чоң атасынан кургак учук жуктуруп көз жумду. Дарыгерлер алдын алган эмес дейт
RU

2 жашар бала чоң атасынан кургак учук жуктуруп көз жумду. Дарыгерлер алдын алган эмес дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн аптада кургак учукка каршы эмделбеген беш жашар баланын өлүмү коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Ал эми "Кыргызстандын ден соолугу" журналы да кургак учуктан каза болгон эки жашар баланын окуясын баяндап жазды.

Маалыматка ылайык, март айында Улуттук фтизиатрия борборуна эс-учун жоготкон бала өтө оор абалда түшкөн. Дарыгерлер текшерип, бала кургак учукту чоң атасынан жуктурганын аныкташкан. Бала кургак учуктан даарыланып жаткан чоң атасы менен байланышта болгондон кийин текшерилген эмес жана оору байкалган эмес. Ата-энеси диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандыктан, бала кургак учукка каршы эмдөөдөн өтпөй калганы айтылат.

Баланын атасынын айтымында, баласынын дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлгөндөн кийин оору башталган. Баласы ичи ооруп жатканын айткан. Ошол учурда ата-энеси баланы эч жакка алып барбай, өз алдынча дене температурасын төмөндөтүп, уксус кислотасынын эритмесин сүртүп, укроп суусун беришкен.

Баланын дене табы төмөндөгөн эмес. Ал арыктап, алсыздыгы күчөй баштаган. Ооруганына 11-күн болгондо ҮМБга кайрылып, ал жерден кайра Беловод районунун аймактык ооруканасына жөнөтүлүп, ошол жерде он күн бою антибактериалдык жана симптоматикалык дарылоодон өткөн. Ал жерден дагы айыкпай, бала эсин жоготуп, 3-балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүнө которулган.

Кургак учукка каршы дарылоо жүргүзүлгөнүнө карабастан комада жаткан 41-күнүндө бала каза болуп калган.

"Бул окуя кургак учуктун диагнозунун кеч коюлганын көрсөттү. Кургак учук оорусун эрте аныктоо боюнча медициналык кызматкерлердин сергексиздиги, жетишсиз билими оорунун кеч аныкталышына алып келди. Бала эмделбегендиктен оор диссеминациялык процесстердин өнүгүшүнө да таасирин тийгизди", - деп айтылат изилдөөдө.

Кургак учукка каршы эмдөө баланын төрөлгөндөн кийинки бир жылдын ичиндеги экинчи эмдөөсү болуп саналат. Эмдөө кургак учуктун оор түрлөрүн жугузуп алуунун алдын алат. Кыргызстанда кургак учук оорусу боюнча абал оор деп бааланып жатат. Бардык социалдык катмардагы адамдар ооруга чалдыгышат. Балдардын кургак учук менен ооруганынын жана оорунун жогору болушу да калк арасында инфекция булактарынын бар экендигинен кабар берет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8165