17 жерине бычак сайылган. Ноокенде 24 жаштагы келиндин өлүмүнө мурдагы күйөөсү шектелүүдө
RU

17 жерине бычак сайылган. Ноокенде 24 жаштагы келиндин өлүмүнө мурдагы күйөөсү шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин короосунан белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Облустук милициядан белгилешкендей, маркумдун денесине 17 жолу бычак сайылганы аныкталган.

Маалыматка ылайык, 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда белгисиз аялдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча милицияга кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барышкан. Каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө шектүү катары каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү кармалды. Шектүү Кочкор-Ата шаарынын 1989-жылы туулган А.И. аттуу тургуну. Ал райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8185