Жалал-Абадда 72 жаштагы киши күчүк тиштеп алгандан кийин каза болду
RU

Жалал-Абадда 72 жаштагы киши күчүк тиштеп алгандан кийин каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 72 жаштагы кишини күчүк тиштеп алып, каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 2-сентябрда Базар-Коргондо божомол менен кутурма оорусу катталганы маалымдалган.

Эпидемиологиялык териштирүүнүн жүрүшүндө 72 жаштагы А.К. аттуу пенсионер 31-августта түнү менен уктай албай, деми кысылып (аба жетишсиздиги), кан басымы көтөрүлүп, башы ооруп, алсырап, табити жоголгон. Эртеси ал үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылган. Дарыгердин текшерүүсүнөн кийин жүрөктүн ишемиялык оорусу, стенокардия, гипертония диагнозу менен терапевтик бөлүмгө жаткырылган. Бейтаптын абалы начарлап кеткенине байланыштуу консилиум (инфекционист, ревматолог, терапевттик бөлүмдүн башчысы) өткөрүлүп, алдын ала "гидрофобия" диагнозу коюлуп, жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. 4-сентябрда саат 06:00дө бейтаптын биологиялык өлүмү катталган.

"Маркумдун уулунун айтуусу боюнча, атасы үйгө бир айлык күчүктү алып келген, 15 күндөн кийин күчүк бутун тиштеп, аны байлоого аракет кылганда оң колун тиштеп алган. Жараны арак менен сүртүшкөн. Бирок саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылган эмес. Медицина жана ветеринардык кызматкерлер менен биргеликте бул ит менен байланышта болгондорду жана жабыркагандарды аныктоо үчүн үйлөрдү кыдыруу жүргүзүлүп, кутурма оорусунун алдын алуу боюнча санитардык-агартуу иштери күчөтүлдү", - дешти басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8222