Кадамжайдагы окуучу кыздын өлтүрүлүшү. Шектүүлөрдүн укук коргоо органдарына тиешеси жок
RU

Кадамжайдагы окуучу кыздын өлтүрүлүшү. Шектүүлөрдүн укук коргоо органдарына тиешеси жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда жашы жете элек кыздын өлүмүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси жок. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

"Өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелип кармалгандын арасында милиция кызматкерлери бар экенин айрымдар айтышууда. Бул маалымат чындыкка дал келбейт, шектүүлөрдүн ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө. Тергөөнүн жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат", - дешет башкармалыктан.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда Кадамжайда 8-класстын окуучусу колдору артка байланып, жип менен муунтулган абалда табылган. Шектүү катары 27, 25, 24 жаштагы жарандар кармалганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8229