Кадамжайда 8-класстын окуучусу киши колдуу каза болду. Ал зордукталганы айтылды
RU

Кадамжайда 8-класстын окуучусу киши колдуу каза болду. Ал зордукталганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 8-класстын окуучусу киши колдуу каза тапты. Kaktus.media"га өздүк булактар билдиришкендей, өспүрүм кызды 3 киши зордуктап анан өлтүрүп кетишкен.

Маалыматка караганда, окуя 4-сентябрда болгон. Кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар аныкташыкан.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайын маалымдашты.

Ага ылайык, 4-сентябрда саат 15:25 чамасында Кадамжай РИИБине Ноогардан айылындагы бакчада белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы маалымдалган. Жерине барган ыкчам топ буларды аныкташкан.

Алга айылынын тургуну малын жайып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде жансыз дене жаткандыгын көрүп, 112 кызматына кабар берген. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, колдору артына жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркум Халмион айылынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча 122-берененин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айылынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, анын Hyundai Sonata унаасы далил катары алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8224