Кадамжайда киши колдуу каза болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү жерге берилди
RU

Кадамжайда киши колдуу каза болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу каза болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү 5-сентябрда жерге берилди. Бул туурасында маркумдун жакындары жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиришкен.

Андагы маалыматтарда кыздын ата-энеси 20 күн мурда Россияга кеткени, ага чейин окуучу ата-энеси менен чогу жашаганы айтылат. Ошондой эле өспүрүм бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгонун жакындары айтышкан.

Эске салсак, 4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы кыз колдору артка байланып, жип менен муунтулган абалда табылган. Анын өлүмүнө шектелип 27, 25, 24 жаштагы жарандар кармалганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8237