Мугалимдерди кемсинтип, мазактагандар жоопко тартылат
RU

Мугалимдерди кемсинтип, мазактагандар жоопко тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мугалимдерди мазактап, кемсинткендерди жоопко тартуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору депутаттар Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.

Демилгечилер белгилегендей, мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан жана айып пул чегерүү маселеси каралган.

Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев айып пул чегерүүдөн мурун, окуучулардын адепсиз жүрүм-турумун алдын-алууга басым жасоо керектигин белгиледи.

"Колунда бар ата-эне баласынын жасаган иши үчүн акча төлөп коёт. Бирок бул чара жосунсуз жорукту азайтпастан, тескерисинче көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Талаштар жаралып, соттук иштер артышы анык. Буга аталган тармак даяр эмес", – деди.

Демилгечилердин бири Мирлан Самыйкожо айып пул төлөй албай калса, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8246