Мас айдоочулар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн
RU

Мас айдоочулар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Марлен Маматалиев мас абалында унаа башкарып, эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылсын деген сунуш киргизди. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Билдирүүгө караганда Кыргызстанда жол кырсыктарынын эң негизги себеби мас абалында унаа башкаруу болуп саналат.

Ошондуктан мас абалда унаа айдаганы үчүн айып пул 50-80 миң сом болору айтылган. Ал эми медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тартып, унааны мас адамга башкарууга бергендиги үчүн да 17500 сом айып каралууда.

Ал эми азыркы мыйзамга ылайык 8 жылга чейин эркинен ажыратылсын деп белгиленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7431