Ноокенде 6 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды
RU

Ноокенде 6 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул туурасында "Адилет" укук коргоо уюмунан кабарлашты.

Андагы маалыматта мындай чечимди Ноокен райондук соту 6-сентябрда чыгарганы айтылат.

Окуя ушул жылдын 26-майында Ноокен районунда болгон. Анда 28 жаштагы П.А. мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды тосуп алып, үйүнө тыт жегени чакырган. Ал кыздарга куурулган картошка менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаган.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинде бардык далилдер жана кыздардын көрсөтмөлөрү болгон. Тергөө учурунда үч кыз тең шектелип жаткан жаранды такташкан. Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү "Он төрт жашка чыга элек балага карата зордуктоо" менен кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8255