13 жашында зордукталып, төрөгөн кыздын чоң атасы окуяны айтып чыкты. Шектүү кармала элек
RU

13 жашында зордукталып, төрөгөн кыздын чоң атасы окуяны айтып чыкты. Шектүү кармала элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 жаштагы кыз зордуктоодон кийин көз жарды. Бул туурасында кыздын чоң атасы Болот Манясов маалымат жыйын өткөрүп айтып чыкты.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурлан Токталиевдин айтымында, окуя TikTok`ко видео тартуу учурунда болгон, ал эми 20 жаштагы шектүү дале кармала элек.

"Кыздын атасынын айтып бергенине караганда балдардын укугун коргоо механизмдери жок. Бизде мыйзамдарга, азыркы бийликке эмес, өз милдеттерин аткарбай шалаакылык менен жасаган адамдарга дооматыбыз көбүрөөк. Мен кыз менен сүйлөштүм, ал тергөөчүлөр ага психологиялык жактан таасир этүүгө аракет кылышканын айтты", - деди ал.

Жактоочу билдиргендей, окуя 2021-жылы "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында болгон. "Ал жактан видео тартышкан. Болжол менен сентябрь айы болчу. Андан кийин кызды шантаж кылып, жакындарынын алдында уят кыларын айтып, кыз кош бойлуу болгонго чейин зордуктап жүргөн", - дейт жактоочу.

Бул окуя боюнча учурда тергөө амалдары улантылып жатканын милициядан кабарлашты. Мекемеден кыздын чоң атасы 2021-жылы арыз менен кайрылып, небересин зордуктаган жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирди.

"Былтыр 23-ноябрда бул факты боюнча 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. К.А. аттуу жаран шектүү катары тергөөгө алынып келген. Ал жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барганын толугу менен четке кагууда. Анын бул ишке тиешеси бар же жок экенин тактоо үчүн баланын атасын аныктоо керек. Муну ымыркай 1 жашка чыкканда жасоого болот", - дешти басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8258