Facebook аркылуу тыюу салынган диний уюмга чакырык таштагандар кармалды
RU

Facebook аркылуу тыюу салынган диний уюмга чакырык таштагандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Facebook социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.

7-сентябрда аталган диний уюмдун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, Ош облусунун Кара-Суу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү болгон. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8271