Бет ачар эмей бетке чабаар кылыпсыңар! Садык Шер-Нияз тасманы сындаган Байсаловго кайрылды
RU

Бет ачар эмей бетке чабаар кылыпсыңар! Садык Шер-Нияз тасманы сындаган Байсаловго кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Эрнест Абдыжапаров режиссёрлук кылган "Сагынбай манасчы" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага бир катар маданият, саясат өкүлдөрү барышып, анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тасманы көргөндөн кийин сындады.

Анын пикири кызуу талкуу жаратып, айрымдардын нааразычылыгын жаратты. Тагыраагы, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Байсалов маданият кызматкерлеринин шагын сындырганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул заманда фанаттар эле кино жаратып келе жатышат. Ошол фанаттардын бирөө Эрнест Абдыжапаров. Кинону көрө элекмин бирок ишенем, Эрнест Абдыжапаров каражаттын жетишпегенин чеберчилиги менен колунан келишинче "жамады" го деп. Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабайбыз, бирок кошуна өлкөлөр, ошол эле казак туугандар кыргыз киносу жөнүндө эмне деп жатканын тыңдап көрчү бурадар. Анан мамлекеттин чоң кызмат башында туруп аябагандай каражат бөлдүрүп берип, ошол каражат ашып-ташып жаткансып, кинонун бет ачарында текеберленип, маданият адамынын шагын сындырып сүйлөө бул эң кеминде жосунсуз окуя. "Мен жеке оюмду айтып жатам" деп... Мен да жеке оюмду айтып коюумду туура көрдүм. Бет ачар эмей эле бетке чабаар кылыпсыңар!", - деди ал.

Элчи биринчи кезекте киночуларды кантип көтөрүү жолун ойлонуп, мамлекеттик механизмдерди ойлоп таап, кошуна мамлекеттердин канча каражат бөлүп берип жатканын сурап-билип анан сөз сүйлөө туура дейт. "Мүмкүн ушул жарыбаган тыйын менен киночыгарма жасап жүргөндөрдү биринчи кезекте кордоо эмес сыйлоо керек болуп жүрбөсүн. Киночуларга айтарым, эч нерсеге муюбай, кадимкидей кайрат менен жолубузду улай берели, убагы келгенде эмгегиңерди эл баалайт", - деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталып, бардык жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8277