Садык Шер-Ниязга алтын төш белги менен сыйланды
RU

Садык Шер-Ниязга алтын төш белги менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз ТҮРКСОЙдун жогорку сыйлыгы менен сыйланды. Алтын төш белгини ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев атайын Парижге барып тапшырды. Бул туурасында элчи Facebook`ка жазды.

"Султан Раев Парижге ТҮРКСОЙдун эң жогорку сыйлыгын, алтын медалын мага тапшырганы келиптир. Аны элдин астына чыкканда айтып жатпайбы. Атайын менин көңүлүм үчүн убара тартып келген агама бир чети ыраазы болдум. Кубандык, мактандык, сүйүндүк. ТҮРКСОЙго ыраазычылык билдирдик", - деди ал.

4-сентябрда Парижде Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык концерт өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8204