"Ак-Жар" айылынан жер бөлүп берүүнү талап кылгандар жерди жөн эле басып алууну чечишти
RU

"Ак-Жар" айылынан жер бөлүп берүүнү талап кылгандар жерди жөн эле басып алууну чечишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-мартта, "Ак-Жар" жаңы конушунун жанында кайрадан адамдар чогулушту, кечээ алар жер тилкелерин бөлүп берүүнү талап кылышкан.

Митингге келген аялдардын бири бүгүн жер тилкелерин бөлүштүрүп алуу үчүн чогулушканын айтты.

"Эл чогулган жерлерде укук коргоочу органдар бар, алар жергиликтүү башкаруу жана Калкты каттоо башкармалыгынын өкүлдөрү", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, Чүй облусунун Ленин айыл өкмөтүнүн Мыкан айылында жүздөн ашык киши чогулган. Алар айыл чарбачылыкка берилген жерлерди менчик үйлөрдү курууга берүүну талап кылышкан.

Андан кийин митингчилер "Ак-Жар" жаңы конушуна барышты.

Митингдин бир катышуучусу алар, 15 жылдан бери Бишкекте шарты жок батирлерде жашап жүргөндүгүн, жана көчүп конгондон тажагандыгын айтты.

"Садыр Нургожоевич, сиз биздин акыркы үмүтүбүзсүз. Биздин кайрылуубузга кулак салыңыз", - деп ал президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Андан тышкары ал "Ак-Жар" жаңы конушунда, белгисиз бир "ажы" 90 гектар жерди менчиктештирип, кайра 4 соткасын $3-4миң сатып жатыптыр.

"Ошол жерлерди мыйзамдуу сатып алганбы текшерип бериңиз, эгер мыйзам бузулган болсо, ал жерлерди бизге бергиле", - деген талапты коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/828