Жер тилекелерин талап кылгандар эми "Ак-Жарга" келип митинг уюштуруп жатышат
RU

Жер тилекелерин талап кылгандар эми "Ак-Жарга" келип митинг уюштуруп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, эртең менен митингге чыккандар айдоо жерлерин үй салууга бөлүп берүүнү талап кылышкан. Эми, алардын айтымында, белгисиз бир "ажы" жерлерди мыйзамсыз менчиктештирип алган имиш. Ким алганын билип, ошол жерлерди аларга берүүнү талап кылышты.

Андан кийин митингчилер "Ак-Жар" жаңы конушуна барышты.

Митингдин бир катышуучусу алар, 15 жылдан бери Бишкекте шарты жок батирлерде жашап жүргөндүгүн, жана көчүп конгондон тажагандыгын айтты.

"Бул жакка майып балдардын энелери чогулушту. Бардыгыбыздын талабыбыз бир - жер тилкесин бөлдүрүп алуу. Биз буга чейин өкмөткө кайрылганбыз. Садыр Нургожоевич, сиз биздин акыркы үмүтүбүзсүз. Биздин кайрылуубузга кулак салыңыз", - деп ал президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Андан тышкары ал "Ак-Жар" жаңы конушунда, белгисиз бир "ажы" 90 гектар жерди менчиктештирип, кайра 4 соткасын $3-4миң сатып жатыптыр.

"Ошол жерлерди мыйзамдуу сатып алганбы текшерип бериңиз, эгер мыйзам бузулган болсо, ал жерлерди бизге бергиле", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/819