"Эл үмүтү" стипендиясынын ээлери аныкталды. Алар алдыңкы 20 университетке окууга өткөн
RU

"Эл үмүтү" стипендиясынын ээлери аныкталды. Алар алдыңкы 20 университетке окууга өткөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясы 5 студентке берилди. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, республикалык комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда беш талапкер тандалган.

"Алардын ар бири 50 миң доллардан алышат. Студенттер алдыңкы 20 университетке кирген. Үч кыргызстандык Колумбия университетине, бирөө Европадагы Гент университетине, дагы бирөө Стэнфорд университетине тапшырды. Быйыл беш гана стипендиат бар, кийинки жылы алардын саны көбөйөт деген ойдобуз", - деди министрдин орун басары.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров "Эл үмүтү" стипендиясын негиздеген. Стипендиянын суммасы 50 миң долларга чейин болушу мүмкүн, бирок сумма тандалган университетке жараша болот. Стипендия алуудагы артыкчылык - алдыңкы 100 чет элдик окуу жайлардагы техникалык жана инженердик багыттарына берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8321