Президенттин стипендиясына кабыл алуу башталды. Документтерди тапшыруунун жол-жобосу
RU

Президенттин стипендиясына кабыл алуу башталды. Документтерди тапшыруунун жол-жобосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына кабыл алуу 4-августта башталганын кабарлайт. Документтерди онлайн кабыл алуу 3-сентябрга чейин уланат. Андан тышкары документтердин топтомун кагаз түрүндө министрликтин 3-кабатында жайгашкан 311-кабинетке тапшырса болот.

Министрликтен белгилешкендей, стипендияга талапкер дүйнөнүн эң мыкты 100 университетинин бирине киргендигин тастыкташы керек. Конкурска катышууну каалагандар төмөнкүдөй документтерди бериши шарт:

  • ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
  • паспорт/инсандын күбөлүгү;
  • Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишкендигинин орточо баллы менен (GPA) транскрипти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
  • программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
  • жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
  • эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

Документтер топтомун шилтемедеги формага тиркөө зарыл.

TOP-100 университет кайсылар десеңиз шилтемесин басыңыз.

Суроолор боюнча 0312 620487 номерине кайрылсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7830