Бишкекте 45 жаштагы киши окуучу кызга бир нерсе көрсөтөрүн айтып алдоого аракет кылган
RU

Бишкекте 45 жаштагы киши окуучу кызга бир нерсе көрсөтөрүн айтып алдоого аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 45 жаштагы киши окуучу кызга бир нерсе көрсөтөрүн айтып, ээрчитип кетүүгө аракет кылган. Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя 9-сентябрда болгон.

Маалым болгондой, жашы жете элек кыздын атасы милицияга арыз менен кайрылган. Ал көп кабаттуу үйдүн короосунда белгисиз киши кызын алдап чакырганга аракет кылганын айтып чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты каттоого алынып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Шектүү 1977-жылы туулган Ш.А. кармалып, сурак бергенден кийин коё берилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет. Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8327