Үйдүн айнектери талкаланган: "Самаркандек" айылынын тургуну окуя боюнча айтып берди
RU

Үйдүн айнектери талкаланган: "Самаркандек" айылынын тургуну окуя боюнча айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги "Самаркандек" айыл аймагында тажик тараптын миномет менен аткылоосунан үйлөрдүн айнектери сынган. Ошол учурда балдар менен аялдар үйлөрүндө болгонун жергиликтүү тургун Kaktus.kg сайтына билдирди.

"Тажик тарап миномет менен капысынан аткылаган. Анын натыйжасында бир канча жай тургундардын үйлөрүнүн айнектери талкаланып кеткен. Алардын бири менин кошунам болчу. Ошол учурда үйдүн ичинде бала менен аял да бар болгон", - дейт ал.

Ошондон кийин жаш балдар менен аялдарды айылдан алысыраак алып чыгып кетишкен.

"Менин үй-бүлөм азыр Самаркандекке кире бериш жерде, Ак-Татыр айыл аймагында. Кээ бирлери айылдан бираз эле алыс жактагы жолдордо күндүн ысыгына карабай "тынчып калса кайра үйгө кайтабыз" деп турушат. Эгер абал тынчыбаса башка айылдарга барышы керек болот", - деди жергиликтүү тургун.

Белгилей кетсек, Самаркандек айылы стратегиялык жактан негизги тосмо болуп турган айыл болуп эсептелет. Дүйнөлүк стандартта чек ара кезметинде тургандар оор артилерияны колдонууга болбойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8374