Баткенде күн ичинде 3 тилкеде ок атышуу болду. Учурда абал кандай?
RU

Баткенде күн ичинде 3 тилкеде ок атышуу болду. Учурда абал кандай?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-сентябрда Баткен облусунун чек ара тилкелеринде ок атышуу катталды. Тактап айтканда, куралдуу жаңжал 3 аймакта болду.

Эртең менен Булак-Башы участкасында кызмат өтөп жаткан Кыргызстандын чек арачылары такталбаган тилкеде жүргөн тажик чек арачыларын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Кыргыз тараптын талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары кыргыз тарап да курал колдонушкан. Саат 12-13:00 чамасында ок атышуу толугу менен токтоду.

Тажик тараптын миномёт колдонуусунан эки кыргыз чек арачысы жаракат алышып, абалдары канааттандырарлык экени кабарланды.

Кийинчерээк Булак-Башы тилкесинде чек арачылардын атышуусу катталган жерде өрт чыкты. ӨКМнын маалымат кызматынан аталган тилкеде куураган чөп күйүп жатканын кабарлады.

Саат 14:00гө карата Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Как-Сай аймагындагы "Достук" заставасына карай ок чыгарышты. Буга кыргыз тарап жооп кылып, курал колдонду. Саат 14:40 чамасында ок атышуу токтогонун Чек ара кызматынан кабарлашты.

Паскы-Арык участкасында саат 15:08де башталган ок атышуу саат 16:00гө карата токтоду.

Аталган аймактарда абал чыңалуу бойдон калып, cаат 16:20да Баткен облусунун Радар жерлигинде Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8373