Камчыбек Ташиев: Тажик тарап алдын ала даярданган, алар жөнүндө жаман ойдо болгон эмеспиз
RU

Камчыбек Ташиев: Тажик тарап алдын ала даярданган, алар жөнүндө жаман ойдо болгон эмеспиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкелериндеги ок атышуу боюнча маалымат берди. Ал азыркы учурда абал тынч болгону менен чыңалуу бар экенин айтты.

"Конфликт боюнча негизги мүнөздөмөлөргө токтолсом, биздин мамлекеттик чек арадагы 5 участкага бирдей чабуул болгон. Анын ичинен төртөө чек ара посттору, чек ара заставалары болгон. Бирөө жергиликтүү калк жашаган аймак Самаркандек болду. Аталган айылда 10 жарандык объект зыянга учурап, 4 жергиликтүү тургун жабыркады. Кечээ болгон конфликттин мурдагылардан өзгөчөлүгү - биздин жарандык объекттерге кол салгандыгында. Бул өтө кооптуу жана эч кандай эрежелерге жатпайт. Биз муну туура эмес кабыл алдык. Мындан ары да ушундай кайталана турган болсо, сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз", - дейт ал.

Ташиевдин айтымында, коңшу тарап алдын ала провокация даярдап, позицияларды ээлешкен.

"Негизги маселе, бул жерде алдын ала чагым уюштурулган. Биз коңшулар тууралуу жаман ойдо болуп, алдын ала провокацияларга даярданган эмеспиз. А булар даярданып жатышат. Ошол эле учурда президенттин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү өздөрү да күбө болгон нерсени баса белгилеп коюш керек. Ок чыгаргандар аскерлер эмес жөнөкөй, сакалчан, чүмбөттөлгөн адамдар болушкан. Биринчи жолу ушундай болуп жатат. Бул маселе өтө кооптуу. Биздин Чек ара кызматы, күч түзүмдөрү мамлекетибиздин чек арасын сактап калганга даяр, күчүбүз да жетет", - деп белгиледи.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Баткен районундагы Булак-Башы участкасында, Как-Сай аймагындагы жана Паскы-Арык участкасында ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен 2 чек арачы жана 3 жергиликтүү тургун жаракат алганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8395