Баткендеги чек ара аймактарында түн тынч өттү
RU

Баткендеги чек ара аймактарында түн тынч өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-сентябрь саат 08:00гө карата Баткен облсунун чек ара тилкелеринде абал туруктуу. УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, түн ичинде эч кандай ок атуулар болгон болгон жок.

Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгышты. Күч түзүмдөрүнүн бөлүмдөрү чек ара аймактарында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүштү.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Баткен районундагы Булак-Башы участкасында, Как-Сай аймагындагы жана Паскы-Арык участкасында ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен 2 чек арачы жана 3 жергиликтүү тургун жаракат алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8384