УКМК: Чек ара жаңжалын тажик тарап, террордук уюмдун мүчөлөрүнө окшогон адамдар баштаган
RU

УКМК: Чек ара жаңжалын тажик тарап, террордук уюмдун мүчөлөрүнө окшогон адамдар баштаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тажик тарап баштаган. Бул тууралуу УКМК рассмий кабарлады.

"Буга 2022-жылдын 8-сентябрынан тартып Тажикстандын эгемендүүлүк күнүндө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу шылтоосу менен тажик тарап өзүнүн атайын күчтөрүн Ворух анклавына өткөрүп берген чагымчыл аракеттери, ошондой эле чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде окоп казуучу даярдашканы далил", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык , Кыргызстандын аймагына террордук уюмдун мүчөлөрүнө окшогон (жалданма согушкерлер) адамдар кол салган.

"Кыргызстандын аймагына сыртынан аскерлердин курамына кирген адамдарга окшош, эч кандай аскерлерге таандык белгиси жок белгисиз адамдар кол салган. Сырттан жасалган ар кандай чагымчыл аракеттерге карабастан, КРдин Куралдуу күчтөрү тиешелүү деңгээлде жооп бере аларын билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.

Андан тиышкары УКМК бардык чек ара көйгөйлөрүн жана маселелерди тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырарын белгилеген.

Эскерте кетсек, Баткен районуна караштуу Булак-Башы участкасында кызмат кылып жаткан Кыргызстандын чек арачылары такталбаган аймакта жүргөн тажик чек арачыларын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Ага көнбөй тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары кыргыз тарап да курал колдонушкан. Чек ара отряддарынын ортосунда кагылышуу башталып, анын жүрүшүндө тажик тарап минометторду колдонгон. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, абал тынч.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8399