Бишкекте 20 жаштагы кыз таанышын никеге турууга мажбурлады деп айыптады
RU

Бишкекте 20 жаштагы кыз таанышын никеге турууга мажбурлады деп айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте никеге туруу максатында кыз ала качкан жаран кармалды. Маалыматты Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Милицияга 7-сентябрда 20 жаштагы Ж.Н. арыз менен кайрылган. Ал А. аттуу таанышы июнь айында аны коркутуу жолу менен никелешүүгө мажбурлаганын айткан.

Бул факты 174-берене (никеге турууга мажбурлоо) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 26 жаштагы С.А. кармалып, убатылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылып жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8414