Эркине каршы. Бишкекте үйлөнүү максатында кыз ала качкандар камакка алынды
RU

Эркине каршы. Бишкекте үйлөнүү максатында кыз ала качкандар камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте үйлөнүү максатында кызды эркине каршы ала качкан балдар аныкталды. Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан белгилешкендей, кармалгандар 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Окуя 9-июлда эртең менен 8-кичи райондо катталган. Анда 3 жаран Ч.Г. аттуу кызга физикалык күч кодонуп, эркине каршы ала качышкан. 11-июлда милицияга Ч.Г. өзү кайрылып, аны ала качкандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча 172-берене (никеге туруу максатында адам ала качуу) менен сотко чейинки кылмыш иши козголгон.

Териштирүүнүн жүрушүндө шектүүлөр 27 жаштагы К.А., 26 жаштагы И.А. жана О.Ч. экени белгилүү болуп, алар 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7526