Тажиктердин кол салуусунан 15 жаштагы кыз каза тапты
RU

Тажиктердин кол салуусунан 15 жаштагы кыз каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде 15 жаштагы каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар ырасташты.

Айтымдарына караганда, өспүрүм кызга Максат айылында снаряддын сыныгы тийген. Маркум Маргун айылын көздөй качып бараткан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи. Кагылышуунун кесепетинен 42 адам жабыркаганы такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8422