5 бейтап Бишкекке жеткирилди. Тажиктердин кол салуусунан жабыркагандардын саны өстү
RU

5 бейтап Бишкекке жеткирилди. Тажиктердин кол салуусунан жабыркагандардын саны өстү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандардын саны дагы өстү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин саат 15:00гө карата берген ыкчам маалыматы боюнча, ооруканаларга 42 адам түштү.

Жалпы 42 адам ооруканага кайрылды. Анын ичинен Баткен облустук биргелешкен ооруканасында 19, Лейлек райондук ооруканасында 18 бейтап жатат. 5 бейтап Бишкек шаарына жеткирилди. Абалдары жана диагноздору тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Ошондой эле Баткендеги жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлердин үч бригадасы, Улуттук госпиталдан нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор, торакалдык хирургдар, фельдшердик медициналык кызматкерлерден турган үч бригада учуп кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8417