Тажикстандын куралдуу кол салуусу. Жабыркагандардын саны 198ге жетти
RU

Тажикстандын куралдуу кол салуусу. Жабыркагандардын саны 198ге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 20-сентябрь саат 15:00гө карата 198 болду. Анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

  • Улуттук госпиталь – 75 жабырлануучу;
  • Улуттук хирургия борбору – 8 жабырлануучу;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
  • Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;
  • Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Ал эми каза болгондордун саны 59.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров өзгөчө оор абалдагы бейтаптарды учак жана атайын унаалар менен Бишкек, Ош шаарларына жеткирүүнү тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8428