Дагы бир жолу келишимди бузуп Тажик аскерлери Чоң-Алай районуна кайрадан ок чыгарды
RU

Дагы бир жолу келишимди бузуп Тажик аскерлери Чоң-Алай районуна кайрадан ок чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чоң-Алай районунда Тажикстандын аскерлери кайрадан ок чыгарышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18:20да Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кайрадан кырдаал курчуду.

"Ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерди жана куралдуу күчтөрдү чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап Кыргызстандын Карамык заставасынын чек арачыларына ок атуучу куралдан жана топтук куралдан ок чыгарган",- деп айтылат маалыматта.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы бөлүмдөрүнүн өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8459