Өзбек диаспорасы: Кыргыз эли менен бир катарда турууга даярбыз!
RU

Өзбек диаспорасы: Кыргыз эли менен бир катарда турууга даярбыз!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан ар дайым ар дайым достук принциптерин карманат. Кыргыз эли менен бир катарда турууга даярбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзбек улуттук маданий борбору Кыргызстан элине кайрылуусунда билдирди.

"Ушул күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуяларда каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кыргызстан ар дайым өз ара урматтоо, жакшы коңшулук, кайрымдуулук, тынчтык жана достук принциптерин карманат.

Тажикстан макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын аймагына кыянаттык менен басып киргенин ачуулануу менен кабыл алдык. Тажик аскерлери Баткендеги чек ара жана жарандык объектилерди талкалап, аткылашты. Бул кабыл алынгыс!

Бул окуялар Кыргызстандын бүткүл элин тышкы агрессияга ого бетер күчтөндүрдү.

Өлкөдөгү тынчтыкты, биримдикти бузууга эч кимге эч качан жол берилген эмес жана берилбейт. Биз мекенди коргоо үчүн бүткүл кыргыз эли менен бир катарда турууга жана душмандарга татыктуу сокку урууга даярбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8455