Былтыркы кагылышууда да жаракат алган. Баткенде аскер тоюна бир ай калганда окко учту
RU

Былтыркы кагылышууда да жаракат алган. Баткенде аскер тоюна бир ай калганда окко учту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандардын саны 18-сентябрга карата 46га жетти. Алардын арасында аскер кызматкери Алмаз уулу Бейкут бар.

Ал 2017-жылдан бери "Бөрү" отрядында иштеп келген, улук лейтенант. "Эрдик" медалы менен сыйланганын жакыны Kaktus.kg сайтына айтып берди.

"Бейкут менен 15-сентябрда сүйлөшкөнбүз, баары жакшы болот деген. Окко учканын 17-сентябрда түндө уктук. Башына, бутуна ок тийиптир. Бейкут 2017-жылдан бери Баткенде кызмат өтөп келген. 2021-жылы жазында тажик тарап кол салганда да башынан жаракат (контузия) алган. Ошого карабай кызмат өтөп жүргөн".

Каза болгон жоокер быйыл үйлөнгөнгө камданып жаткан дейт жакыны. "Октябрь айында үйлөнөм деп, даярданып жаткан. Кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү да болгон", - деди ал.

Алмаз уулу Бейкут 1996-жылы Нарын облусунун Эчки айылында аскер адамдарынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үч бир туугандын уулусу, бир карындашы жана иниси бар. Атасы аскер кызматкери болгон, 2020-жылы залалдуу шишиктен каза болгон. Апасы Нарын облусундагы аскердик комиссариатта иштейт.

Kaktus.kg сайты Алмаз уулу Бейкуттун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8486