Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандар. Айрымдарынын аты-жөнү такталды
RU

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандар. Айрымдарынын аты-жөнү такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандардын саны бүгүн, 18-сентябрда 36га жетти. Алардын арасында жай тургундар жана мекен чегин коргогон аскер кызматкерлери бар. Куралдуу кол салуудан каза болгондордун жакындары берген жана айрым жергиликтүү басылмаларга чыккан маалыматтын негизинде маркумдарды тизмектедик.

Элзада Маннанова, Достук айылынын жашоочусу болгон. 15 жаштагы кызга Максат айылында снаряддын сыныгы тийген.

Айбек Ысманов, куткаруучу. 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууда кызматтык милдетин аткарып жүргөн куткаруучу душман огунан каза тапты. Маркум 1987-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну. 12 жылдан бери ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан, лейтенант.

Агадил Канатбеков, чек арачы. 1999-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну. УКМКнын Чек ара кызматында конракттык негизде кызмат өтөп жаткан.

Нурбек Баратов, чек арачы. 2003-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Ушул жылдын апрель айында контракттык түрдө кызмат өтөөгө кеткен. Кулунду тозотунда ок тийип көз жумду. Үйлөнгөн эмес.

Жекшенбек уулу Апсамат, чек арачы. 1998-жылы Ат-Башы районун Терек-Суу айылында туулган. 3 жылдан бери чек арачы болуп кызмат өтөп жүргөн.

Илимбек Мурзаев, аскер кызматкери. 1995-жылы туулган. Аскердик кызматта иштеп жүргөнүнө 5 жылдан ашкан. Артында жубайы, 3 айлык кызы калды.

Мирлан Какеев, аскер кызматкери. 1989-жылы туулган, Чүйдүн Константиновка айылынан. 4 ай мурда контракттык негизде кызмат өтөөгө кеткен. 17-сентябрда ок тийип каза тапты. Артында жубайы, эки баласы калды.

Чыңгыз Акчалов, аскер командири. 1998-жылы Талас облусунун Манас районундагы Бала-Саруу айылында төрөлгөн. 2021-жылы кызмат өтөө үчүн Оштон Баткенге которулган, ошол эле жылы эл аралык танка биатлонуна катышып президенттин колунан сыйлык алган. 2022-жылы аскердик чин алган.

Манас Баатырбеков, жоокер. 1995-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну. Ак-Сай дарыясындагы Головной суу бөлүүштүрүүчү жайында снаряддын сыныткары тийген.

Эламан Ураимов, жоокер. 1993-жылы туулган, Ош облсунун Алай районунун тургуну. Ал Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн командири болгон. Тажиктер кол салганда Достук айылындагы өзүнүн постунда күжүрмөн тапшырманы аткарып жүргөн. Кыргыз жоокери агрессорлорду жок кылуу үчүн граната менен өзүн жардырганын аскер кызматкерлери тастыкташты.

Жаңыбай уулу Тилек, аскер кызматкери. 1996-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында туулган. 2021-жылы танка биатлонунун жеүүчүсү болгон. Үйлөнө элек болчу.

Мухтарбек Сулайманов, аскер бөлүктө взвод командири. 1997-жылы туулган. Баткендин Самаркандек айылында аскердик милдетин аткарууда жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок ал бейтапканада эсине келбей көз жумган. Ушул жылдын июнь айында үйлөнгө.

Марат Ташмурзаев, аскер кызматкери. 2002-жылы туулган, Айдаркен шаарында жашачу. Чек арада каза болду. Бир үйдүн жалгыз уулу, үйлөнгөн эмес.

Kaktus.kg редакциясы каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8471