Тажик тарап кол салганда тоого качкан 4 жаран тик учак менен Баткенге алынып келди
RU

Тажик тарап кол салганда тоого качкан 4 жаран тик учак менен Баткенге алынып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам 4 адам дайынсыз болуп жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Чек арада жайгашкан Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылыш учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, бекинип жатышкан. Алардын арасында улгайган адам бар болгондуктан жарандар тик учак менен Баткенге алынып келди", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин Баткенден жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8495