Баткенге 506 тонна гумжардам жеткирилип, 26 миллион сомдон ашык каражат чогултулду
RU

Баткенге 506 тонна гумжардам жеткирилип, 26 миллион сомдон ашык каражат чогултулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын кол салуусунан кийин Баткенден жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары иштеп жатат.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан.

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна ӨКМ тарабынан жөнөтүлгөн, 301 тонна ыктыярчылар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

  • Ош облусунда – 44;
  • Жалал-Абад облусунда– 12;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 69;
  • Талас облусунда – 43;
  • Чүй облусунда – 12;
  • Ош шаарында –1;
  • Бишкек шаарында – 1.

Ал эми бүгүн, 19-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын эсепке 26 миллион 72 миң 750 сом которулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8494