"Бир метр жерди бергенче өлүп бергеним артык". Жүрөгүнө ок тийген чек арачынын окуясы
RU

"Бир метр жерди бергенче өлүп бергеним артык". Жүрөгүнө ок тийген чек арачынын окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нургазы Мамытов Тажикстандын куралдуу агрессиясынан шейит кеткендердин бири. Ал Орто-Боз чек ара заставасында фельдшер болуп эмгектенип жүргөн. Кагылыш башталганда снайпердин огу анын жүрөгүнө тийип каза тапты дейт маркумдун иниси Темирлан.

"Кагылышуу башталганда Үч-Дөбө айылында анын жүрөгүнө снайпердин огу тийиптир. Агам каза болордон 5 мүнөт мурда мага чалып "этият болгула, тажиктер биз жактан чыгып кетишти" деген. Андан кийин эле каза болгонун уктук, сөөгүн Ак-Татыр айылында жерге берип отуруп калдык. Аябай патриот болчу. "Бир да метр жерди тажиктерге бербейм, ошол бир метр жерди бергенче өлүп бергеним артык" деп көп айтчу. Акыркы жолу курсташатрынын группасына да ушинтип айтыптыр. Боорукер, зыяны тийбеген, жөнөкөй мырза эле", - деп эскерди ал.

Нургазы Мамытов 1988-жылы Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында туулган. 2017-жылдан бери №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара заставасында кызмат кылып келген. Артында ата-энеси, жубайы жана 4 кызы калды. Ал бир үй-бүлөнүн кенжеси болчу.

Kaktus.kg сайты Нургазы Мамытовдун каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8529