"Менден коркуп жатышат". Сапар Исаков Жогорку соттун баш тартуусуна комментарий берди
RU

"Менден коркуп жатышат". Сапар Исаков Жогорку соттун баш тартуусуна комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Жогорку соттун ТЭЦ боюнча ишти карап чыгуудан баш тартуусуна комментарий берди. Анын билдирүүсүн өзүнүн Facebook'тагы аккаунтуна Нурбек Акбар деген колдонуучу жарыялады.

Социалдык тармактарда Нурбек Акбар катары таанымал болгон колдонуучу Сапар Исакводун Нурбек Токтакунов деген адвокаты.

"Кечээ КРдин Жогорку соту ТЭЦ боюнча ишти кайра карап чыгуудан баш тартты. ОШону менен сот чыгарган өкүм күчүндо калды. Жашырбайм, акыл-эс жана адамгерчилик бул окуяда жеңишке жетет деген үмүтүм бар болчу, - деп Искаков жазды. - Анын үстүнө буга чейин ипподром жана тарыхый музей иштери боюнча сот иштери жокко чыгарылган болчу".

Мурунку премьер-министрдин пикири боюнча, жогоруда айтылган иштер боюнча сот өкүмү "эч бир далили жок, фальсификацияланган эжкспертизанын жана күбөлөрдүн көрсотмөлөрүнун негизинде, шантаж менен кысым көрсотүу алдында чыгарылган".

"Бул бир нерсени гана ачыктап жатат: Жээнбековдун режими менден коркуп келген, азыркы бийлик да коркот. Мени менен болуп жаткандардын эки себеби бар - коркуу жана өч алуу", - деди Исаков.

Ошондой эле ал ага карата "физикалык жактан жок кылуу" "буйругу" тууралуу да жазды. "Менин машинеме тапанчадан ок атылган. Бул буйрук дале күчүндө экенин билем. Ошол учурда мени куткарган, жана азыр деле жардам берүүсүн улантып жаткан кыргызстандыктардын өмүрүно коркунуч жараткым келбейт. Убагы келгенде, мен бардыгын элге айтып берем. Ал күн алыс эмес", - деп Исаков убада берди. Андан тышкары үч жыл түрмөдө отуруп, көп нерсеге көз карашы өзгөргөнүн да кошумчалаган.

Эске сала кетсек, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши жүргүзүлүп, ага $386 млн сарпталган. Бул каражатты Кыргызстанга Кытай Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында берген. Долбоорду кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган. 2018-жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, андан кийин коррупциялык схемалар ачыкталган. Сот алдындагы жоопкерчиликке экс-премьер-миинистр, энерготармактын жетекчилери тартылган. Натыйжасында Сапар Исаков - 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев - 7 жыл 6 айга, Айбек Калиев - 15 жылга кесилип, Ольга Лаврова - 3 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда Сапар Исаков 6-октябрда, түнкүсүн бошотулуп, 10-октябрда Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына чабуул жасалган маалда жок болуп кеткен. Азыр ага издөө салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/853