Сапар Исаков каякта экенин өзү айтты. Ал Матраимов жана Жээнбеков тууралуу да жазды
RU

Сапар Исаков каякта экенин өзү айтты. Ал Матраимов жана Жээнбеков тууралуу да жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков узак убакыттан бери алгачкы жолу коомчулук менен байланышка чыкты. Кечээ, 22-февралда саясатчынын Facebook'тагы бир нече аккаунту жанданып, бардыгында бирдей посттор пайда болгон. Алар ТЭЦти модернизациялоо, Сооронбай Жээнбеков жана Райымбек Матраимов жөнүндө болчу. Ошол эле учурда мурунку посттордун бардыгы өчүрүлгөн экен.

"Урматтуу мекендештерим! Эртели кеч чындык жарк этип такталат, мен ишенем сөзсүз акыйкат орнойт", - деп Сапар Исаковдун билдирүүсүндө жазылган.

Белгилей кетсек, ушул публикациясында гана геолокациясы көрсөтүлгөн, аны автор өзү койгон. Геолокациясына ылайык, Сапар Исаков азыркы тапта Москвада, тагыраак айта турган болсок - Кремлде. Азырынча бул эмнени билдирип жатканы түшүнүксүз, бирок саясатчы ошого басым кылып жатканы байкалып турат.

Баракча жаңылангандан кийин Сапар Исаковдун алгачкы публикациясы бажы кызматынын мурунку төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовго арналган.

"Раимбек Матраимовдун ууру экенин 2017 жылы тактап, кызматтан алгам. Азыр уурулугу такталып камака алынды, учур, убакыт баарын өз оордуна коёт", - деп жазган.

Экинчи публикациясы ТЭЦти оңдоп-түзөө иши боюнча жазылган. Анда премьер-министр айыпталуучу болуп камакка алынган. Тексттин өзү жаңы деле эмес, бул 2019-жылдын 21-июнунда жарыяланган кайрылуудан үзүндү.

"Бул укуктук башаламандык, башкаларды коркутуп, бийликке каршы чыккандарды эмне күтүп жатканын көрсөтүү. Бизди мыйзамды аткарганыбыз үчүн айыптап жатышат. Айыптоочу корутундуда Исаков Кытай өкмөтүн "кысымга" алган, деп жазылган. Ойлонуп көрсөңөр, Кытайдын өкмөтүн кысымга ала тургудай Исаков ким? АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу жүрүп жатат. Кытай өз позициясын кыпындай да алдырган жок. Бул жөн эле болбогон сөз!

Жээнбековго кайрылгым келип турат. Тышкы саясаттагы эки жүздүүлүк өлкөнүн кыйрашына алып келет. Эмне үчүн мындай жыйынтыкка келип отурам? Жээнбеков Си Цзиньпин менен жолукканда, Кытайдын гранттык жардамы Кыргыз Республикасынын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына жана башкаларга жакшы таасирин тийгизип жатат, деп айткан. Ал абдан жакшы сөздөрду айткан. Ал эми "Электрические станции" ишканасынын төрагасы, сот учурунда ТЭЦ Бишкекти модернизациялоо боюнча кытай компаниясынын алдына коюлган максаттар ишке ашкан жок, деп көрсөтмө берди. Бул эмнеси? Бул эки жүүздүүлүк! Ошондуктан мен бул нерсеге көңүл буруп жатам.

Ирээти менен иш жасаңыз. Эгер Кытайдын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы олуттуу деп эсептесеңиз, демек сотто да ошону айтыңыз. ТЭЦти оңдоп-түзөө иштери өз максаттарына жеткен жок, дегени кандай? Ал толугу менен бардыгын ишке ашырды, жана Кыргызстан Кытайдын алдына койгон талаптарга толугу менен жооп берет", - деп Исаков өзүнүн сөзүн цитата келтирди.

Акыркы публикациялардын бири да саясатчынын өзүнүн сөзү, ал билдирүүнү 2019-жылдын 9-апрелинде жазып, жарым жартылай Жээнбековго багыттаган болчу.

"ТЭЦтеги аварияга чындап күнөөлүү болгондор жана станцияны 2017-2018-жылдардагы күз-кыш сезонуна даярдагандар, айыптоонун артына жашынып, Сооронбай Жээнбеков берген саясий буюртманы аткарышты", - деп публикацияда жазылган.

Эске сала кетсек, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши жүргүзүлүп, ага $386 млн сарпталган. Бул каражатты Кыргызстанга Кытай Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында берген. Долбоорду кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган. 2018-жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, андан кийин коррупциялык схемалар ачыкталган. Сот алдындагы жоопкерчиликке экс-премьер-миинистр, энерготармактын жетекчилери тартылган. Натыйжасында Сапар Исаков - 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев - 7 жыл 6 айга, Айбек Калиев - 15 жылга кесилип, Ольга Лаврова - 3 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда Сапар Исаков 6-октябрда, түнкүсүн бошотулуп, 10-октябрда Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына чабуул жасалган маалда жок болуп кеткен. Азыр ага издөө салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/763