Өлкө тынч болсун деп ымыркайга Тынчтык деген ысым койду. Эвакуацияланган келин көз жарды
RU

Өлкө тынч болсун деп ымыркайга Тынчтык деген ысым койду. Эвакуацияланган келин көз жарды

Все самое интересное в Telegram

Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам Баткен облусунан Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине эвакуацияланган келин көз жарды. Эркинбек кызы Гүлиза 19-сентябрь күнү уулдуу болду. Ал Баткен облусунун Кара-Булак айылынын жашоочусу.

Аталган окуу жайдын маалымтана караганда, ымыркайга таенеси өлкөбүздө тынчтык болсун деп Тынчтык деген ысым ыйгарышты. Көз жарган келин Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин медициналык колледжинин бүтүрүүчүсү.

Буга чейин Кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунда Ош облусуна эвакуацияланган келин көз жарып, баласына каргашалуу окуяда курман болгон Эламан Ураимовдун урматына Эламан деген ысым койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8540