Баткенден эвакуацияланган келин көз жарып, уулуна Эламан деген ысым ыйгарды
RU

Баткенден эвакуацияланган келин көз жарып, уулуна Эламан деген ысым ыйгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунда Ош облусуна эвакуацияланган Каныкей аттуу келин көз жарды. Ымыркайга кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда курман болгон Эламан Ураимовдун урматына Эламан деген ысым коюлду.

Ош мамлекеттик университетинин маалыматына ылайык, 28 жаштагы келин Баткенден эвакуацияланып, аталган окуу жайдын жатаканасында жашап жаткан. 19-сентябрда улуттук Аза күтүү күнүндө келин төртүнчү перзентин жарык дүйнөгө алып келди.

Каныкей айым баласы мамлекеттин чыныгы уулу болуп, кыргыз эли аман-эсен жашаса деген тилек менен ымыркайдын атын Эламан койду. Кичинекей Эламандын Элчибек, Мухаммед жана Эльдар аттуу агалары бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8517