Көк бөрү жана алыш оюндары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди
RU

Көк бөрү жана алыш оюндары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлайт.

Белгилүү болгондой, улакчылар машыгуу жыйындарын толук өтүшүп, бүгүнкү күндө оюнга даяр. Алар 28-сентябрда учушат.

Мындан сырткары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандан жалпы 148 спортчу катышат.

Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасынан көк бөрү чийилгенин социалдык тармактын колдонуучулары айтып, талкулап чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8571