Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасынан көк бөрү чийилдиби?
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасынан көк бөрү чийилдиби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Изник шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан Кыргызстандын айрым оюндары алынып салганы айтылууда. Интернеттеги маалыматтарга караганда, оюндар программасынан көк бөрү, эр эңиш жана кыргыз күрөшү алынган.

Kaktus.media сайтына өздүк булактар көк бөрү менен көкпар оюндары программадан алынбаганын, Кыргызстандан барган команда оюн көрсөтөрүн билдиришти.

24 улакчыдан турган командалар Түркияга 27-сентябрда жөнөп кетет. Улакчыларды минген аттары менен жеткирүүгө 300 миң доллардын тегерегинде каражат сарпталат. Министрлер кабинети бул максатка 25 миллион сом бөлдү.

Көк бөрү боюнча курама команда

  • Марлис Койгелдиев;
  • Сагынбек уулу Дастан;
  • Ратбек уулу Ноорузбек;
  • Замирбек уулу Таштемир;
  • Акбар Иманбеков;
  • Нурдин Болотбеков;
  • Мелисбек уулу Нуржан;
  • Анарбек уулу Сейитбек (Ильяз Исаков алмаштырат);
  • Мырзабек уулу Аудасбек;
  • Манас Ниязов;
  • Майрамбек Рыспеков;
  • Рустам Тыналиев.

Көкпар боюнча курама команда

  • Нурбек Юсупов;
  • Султан уулу Кубаныч;
  • Айдаркан уулу Эрсултан;
  • Шактарбек уулу Эльдияр;
  • Эрлан Төлөбеков;
  • Баатырбек уулу Аскат;
  • Кыяз Ниязов;
  • Улан Насакеев;
  • Эмирлан Жеңишбеков;
  • Бекназар Аматов;
  • Белек Мукаев;
  • Эсен уулу Өмүрбек.

Командалар менен кошо команда жетекчилери, башкы жана физикалык даярдоо машыктыруучулары, саяпкерлер, ветеринардык дарыгерлер барышат.

Алдын ала маалымат боюнча, эр эңиш (ат үстүндөгү күрөш) да оюндардан четтетилген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8561