Садыр Жапаров курал-жарак сатып аларда өнөктөштөрү таң калганын билдирди
RU

Садыр Жапаров курал-жарак сатып аларда өнөктөштөрү таң калганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча "кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып, "айланасындагы адамдарды тазалаш керек" деген сөздөргө жооп берди.

Президент ушундай сөздөрдү токтотуу керектигин белгилейт. Айтымында, кимдин кандай иштеп жатканы ага даана көрүнүп турат.

"Албетте кемчиликтер бар. Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен. Эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Акылбек Үсөнбековичке: "Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы" деп айтып жатам.

Жаман команда болсок, бир жылда бюджетти 280 миллиарддан 411 миллиардка кантип көтөрөт элек? Кантип эмгек акыларды 3 эсеге көтөрөт элек? Кантип жөлөкпулдарды көтөрөт элек? Кантип армиябызды күчтөп алат элек?

Курал-жарак жана жаңы технологияларды сатып алабыз, бергиле десек, өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилери "Мурда бекер бергилечи деп суранып жүрчү элеңер. Азыр акчаны кайдан таап жатасыңар?", деп таң калып сурашты. Начар команда болсок, итке минген бойдон олтура берет элек", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8576