Жапаров: Буйрук бергенимде укпай коюп, гранатамёттун жарылуусунан 17 жигит каза болушкан
RU

Жапаров: Буйрук бергенимде укпай коюп, гранатамёттун жарылуусунан 17 жигит каза болушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маек курду. Анда чек арада абал курчуганда Бишкекте ар кандай талаптар менен митингдер өткөнү тууралуу кеп болду.

Суроо: Митингге чыккандар "бийликтин колунан келбесе, биз баралы" деген сөздөрдү айтышып, бирок унаалар келсе бирөө дагы отурбаптыр. Ушундай талаптар менен чыккандар кимдердин тарапташтары, максаттары эмне дегендей?

Жооп: Эң кызыктуу суроо бердиңиз. Алар чыныгы мекенчилдер эмес. Учурдан пайдаланып өздөрүнүн арам максаттарына жетели дегендер. Эмне максаттары бар экенин билебиз. Барын тааныйбыз. Бирок тийбейбиз. Бизде демократия. Эркин сүйлөй беришсин. Бирок сөз эркиндиги деп эле жалган маалыматтарды тарата бербеши керек.

"Баткенге биз баралы" деген "жалган баатырларыбызды" өзүңүздөр көрдүңүздөр го. "Баткенге барсаң, мына сага унаа, жөнө" деп унаа коюп бергенде бирөөсү да олтурган жок. Эгер чыныгы мекенчил болсо, баатыр болсо Ак үйдүн алдына кыйкырып келбей, түз эле Баткенге кете бермек. Учурдан пайдаланып ушундай "жалган патриотторго" айтып коёюн. Азырынча армиянын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү. Эгер армиябыздын күчү жетпей баратса силерди митингге чыгарып убара кылбай эле жылуу төшөктө жаткан жериңерден сууруп чыгып кетебиз. Бул – мамлекеттин толук укугу. Ошондо чыныгы мекенчил экениңер көрүнөт. Бирок Кудай ага жеткирбесин деп тилейли.

Ошону менен бирге жөнөкөй жарандарыбызга кайрылып кетейин, агрессия башталганда "эвакуацияга чыккыла" дегенде, бириң калбай чыгып кетишиңер керек. Чек арачылар жана аскер адамдары гана калыш керек. Былтыр бизге Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга (Головной водозабор) кол салуу болгондо, Баткенден жөнөкөй жаштарыбыз барып, таш ыргыта башташкан. "Баары кайтсын, аскер адамдарыбызга тоскоол болуп жатасыңар!" деп буйрук бергенимде укпай коюшкан. 17 киши бир эле жерден гранатаметтун жарылуусунан каза болуп калышты. Жалаң жаш балдар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8575