Тажик аскерлеринин курчоосунда калып, кийин барымтага алынган жоокер тирүү
RU

Тажик аскерлеринин курчоосунда калып, кийин барымтага алынган жоокер тирүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курчоодо калган кыргыз жоокеринин видеосу интернетке желдей тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары курчоодо калган аскер 16-сентябрда Лейлек районунда милдетин аткарып жүргөндө каза тапкан Гүлжигит Бектенов экенин айтышкан.

Видеодогу жоокер кыргыз аскерлерин чыгып кетсин деп тажик аскерлерин жана белгисиз адамдарды алаксыткан Гүлжигит Бектенов эмес 27 жаштагы Санарбек уулу Адилет экени такталды. УКМКнын Чек ара кызматынан тастыкташкандай, Санарбек уулу Адилетти тажик тарап барымтага алып, 19-сентябрда Кыргызстанга өткөрүп берген. Учурда ал Баткен облусунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8582